Бириккен Улуттар Уюмундагы
Кыргызстандын дайымкы өкүлү Таалайбек Кыдыров Ооганстандагы террочуларды
Ооганстан менен чектешкен мамлекеттерге киргизбөөгө чакырды. Мындай кайрылууну
Таалайбек Кыдыров 21-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын
68-жыйынында билдирген. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
"Ооганстандагы чет мамлекеттик
аскерлерди чыгаруу” деген теманын алкагында сөз сүйлөгөн Таалайбек Кыдыров: “Ооганстандагы
коопсуздукту сактоо жоопкерчилигин тапшыруу акырындан жана тартип менен ишке
ашып, мамлекеттеги жалпы туруктуулукту сактай билүү менен катар террордук топтордун
кошуна мамлекеттерге кирип кетүүсүнө жол бербөө зарыл”,- деди.
Ошондой эле ал Кыргызстан
Ооган жеринде тынчтык сакталышына жана ооган элинин өркүндөп өнүгүүсүнө тилектеш экенин айтып, “Кыргызстан 2012-2013-жылдары, Шанхай Кызматташтык Уюму менен Жамааттык коопсуздук
жөнүндө келишим уюмуна төрагалык кылып турган кезде, Ооганстан менен Кыргызстан ортосундагы эки тараптуу кызматташууларды
өркүндөтүүгө көп көңүл бурулганын кошумчалады.