Бүгүн, 30-март күнү саат 09:00дөн баштап Өтмөк ашуусу бардык категориядагы унаалар үчүн жабык болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Өтмөк ашуусунда артиллериялык куралды колдонуу менен кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүрөт. Буга байланыштуу бардык категориядагы унаалар үчүн Өтмөк ашуусу жабылат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашуусу тилкесиндеги кыймыл каттамдарын алдын ала пландаштырууну суранат.