Бүгүн, 30-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 852 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 170 метр куб, агып чыгышы 214 метр кубду түзүүдө.
Былтыр, 30-мартта суу сактагычта 8 миллиард 742 миллион метр куб суу болгон.
Буга чейин Акылбек Жапаров 1-апрелге карата Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн кеминде 8 миллиард метр кубга жеткирүү талабын койгон.