Биз социалдык тармакта

Ошто туризм тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бүгүн, 30-мартта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов туроператорлор, мейманкана бизнеси, банк чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда Ош шаарында туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү талкууланды. Туристтик пакеттерди Ош шаарында гана эмес, жалпы облус боюнча ишке ашыруу, чет өлкөдөн туристтерди тартуу максатында туристтик продукцияларды даярдоо маселелери да козголду.
Ошондой эле туризм тармагынын бардык объектилеринде төлөмдөрдү электрондук системада жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жагы талкууланды. Эскерте кетсек, Ош шаарынын туризм тармагында учурда 13 туристтик агенттик иштейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан