Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик ишмер: “Легендарлуу парламент” эгемен Кыргызстанды түптөгөнү үчүн ыраазымын”

“Легендарлуу парламент” эгемен Кыргызстанды түптөп, түтүнүн булатты. Мен ушуга ыраазы болом”,- деди мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов. Айта кетсек, бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналган илимий конференция болду. 

“Легендарлуу парламенттин тушунда мамлекеттик бардык атрибуттар кабыл алынды. 1990-жылдын 15-декабрында суверендүүлүк жөнүндө декларация, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын көз карандысыздыгы боюнча декларация кабыл алынды. Ушул 2 декларация жана 1993-жылы кабыл алынган Конституция эгемен Кыргызстандын пайдубалы болуп берди”,- деди Шеримкулов.

Мамлекеттик ишмер 1993-жылкы Конституция кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңеш туруктуу иштеген органга айланганын кошумчалады.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан