Бишкекте бүгүн, 26-ноябрдагы Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев “Кыргызстанда сөөктү жерге берүүдө төлөнүүчү жөлөк пулду алуучулардын саны көбөйдү” деп билдирди.
Анын айтымында, 2010-жылы 1,4 миң сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду 2079 жаран алган.
“2013-жылы 10 айдын ичинде мындай төлөмдү 3 миңден ашык жаран алды. Жардам катары берилүүчү каражаттын суммасы да эки эсеге көбөйдү”,- деди министр.
Каржы министрлигинин маалыматында, жерге берүүдө төлөнүүчү жөлөк пул үчүн 2013-жылы 44 миллион 600 миң сом бөлүнгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева жарандардын үчтөн бир бөлүгү гана алып жаткандыгын айтты. “Өлүмдүн көрсөткүчү көп. Ал эми жардам катары акчаны 2-3 миң гана адам алып жатат. Жарандар мындай жөлөк пул алуу укуктарын билбесе керек”,- деди Ниязалиева.