Тургунбек Кулмурзаев: “Кыргызгаздын” карызы 2 миллиард сомдон ашуун"

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 26-ноябрдагы жыйынында “Кыргызгаз” ААКсынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев аталган компаниянын карызы 2 миллиард сомдон ашык экенин маалымдады. 
“2009-жылы мамлекеттик мүлк фонду компаниянын кызматтарын төлөп берген. “Газпром” “Кыргызгаздын” активдерин 38,5 миллионго баалаган. Компаниянын дебитордук карызы 550,1 миллион сомду түзүүдө”,- деди Кулмурзаев. 
Мындан сырткары “Кыргызгазды” жеке менчикке өткөрүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун ратификациялоо керектигин айтып, 3700 чакырым газ түтүктөрүнүн 60 пайызынын абалы начар экенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан