Лыжа тебилүүчү базалар кышкы сезонго даяр

Кыргызстандагы лыжа тебилүүчү базалар кышкы сезонго толук даяр. Мындай маалыматты “Горный кластер” ассоциациясынын президенти Михаил Халитов журналисттер менен болгон маалымат жыйынында айткан. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 
 Михаил Халитов “Кыргызстан боюнча жалпысынан 23 лыжа тебүүчү база бар. Учурда алардын 19у эс алуучуларды тейлөөгө даяр. Келген туристтердин саны жыл сайын өсүп жатат. Ал эле эмес, кыргызстандыктар да лыжа тебүүгө кызыгып, эс алуунун бул түрүнүн аброю улам өсүүдө. Быйылкы сезондо 29-ноябрдан 1-апрелге чейин лыжа тебүүгө уруксат бар”,- деди өз сөзүндө.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү лыжа тебүү сезонунун ачылышына карата ИИМге туристтердин коопсуздугун сактоо жана лыжа тебилүүчү базаларындагы тартипти көзөмөлгө алуу тууралуу тапшырма берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан