Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Cуроо: - Оштогу ЖОЖдордун биринде, сыртан окуу бөлүмүнүн 3-курсунда окуйм. Башка факультетке которулайын деген ой менен деканыма кирсем, кол коюп бербей койду. Сабактардын саны жетмек тургай, ашат экен. Эмнеге декан кол койбой койду? Же студенттердин өз каалоосу менен башка факультетке которулууга укугу жокпу? Суроо калтырган lime_boy
Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттеринин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окуусун калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого” ылайык, калыбына келтирүү семестрдин аякталышы менен тиешелүү курста студентти кызыктырган адистик-багыт боюнча орун болсо, студенттин жеке арызы менен жана академиялык маалымкатты көрсөтүү менен жүзөгө ашат. Ошол эле ЖОЖдо мурда окуудан чыгарылган студентти кайрадан калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү студенттин окуу карточкасынын негизинде каралат. Окуу жайга калыбына келтирүү окуу жайдын аттестациялык комиссиясы тарабынан академиялык маалымкатты карап чыгуу жолу менен каралат.
Суроого Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери Нурия Кийизбаева жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.