Бишкекте 28-ноябрдан
тарта №16-троллейбустук маршрут убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Ошондой эле №9-троллейбустук маршруттун каттамы өзгөрүп, ал №16-троллейбустук маршруттун
линиясы боюнча жүрө баштайт.
Жаңы линияга ылайык, эми №9-троллейбустук маршрут Ак-Өргөө-Аламүдүн-1-Ак-Өргөө каттамында жүрөт.