Орусиянын Белгород шаарындагы нефтебазага тик учактардын сокку уруусу Украинада талкууланбайт. Бул тууралуу Украинанын президенти Володимир Зеленський америкалык Fox News телеканалына берген маегинде айткан.
"Кечиресиз, мен мамлекеттин башчысы, башкы командачы катары эч кандай буйруктарымды талкуулабайм. Мен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрү менен гана сүйлөшүүдө бөлүшө турган нерселер бар", - деген Зеленський.
Украинанын эки тик учагы 1-апрелдин таңында Белгороддогу мунай базасына сокку урган. Жыйынтыгында нефтебазада өрт чыгып, аны саат 22:00дөн кийин гана өчүрүүгө мүмкүн болгон.
Тик учактар Орусиянын аймагына өтө төмөн бийиктикте киргени, ушундан улам абадан коргонуу системалары тарабынан байкалбай калганы белгилүү болду. Бул окуя тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге маалымат берилген.