Орусия Сумы шаарында Украинанын дагы эки Ми-24 тик учагы жок кылынгандыгын жарыялады

Бүгүн, 2-апрелде таңга маал Украинанын Сумы шаарында дагы эки украин Ми-24 тик учагы атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков брифингде билдирген.

"Украинанын Ми-24 үлгүсүндөгү эки тик учагы Сумы шаарына жана Урожайное конушуна жакын жерде атып түшүрүлдү", - деген ал.

Мындан тышкары Игорь Конашенков брифингде Украинанын 24 учкучсуз учуучу аппараты Орусиянын абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан