Жашы жете электерге спирт ичимдиктерин сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоору комитетте колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде бүгүн, 26-ноябрда жашы жете электерге спирт ичимдиктерин сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоору каралып, колдоо тапты. Мыйзамга ылайык, сатуучуга кардардын өздүгүн жана жашын тастыктоочу документ суроо милдети жүктөлөт. Депутат Дамира Ниязалиева айткандай, эгер жаш өспүрүмгө алкоголдук ичимдик сатып жиберсе, сатуучу 1000 сом айып пул төлөмөкчү.   

Алкоголдук ичимдиктерди саат 07:00дөн 00:00гө чейин телерадиодон жарнамалоого да тыюу салынат. Учурда бул чектөө саат 07:00дөн 22:00гө чейин. 

Мыйзам долбоору эми пленардык жыйында талкууланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан