Селсаяктар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды

Селсаяктык кылгандар үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып, ишке киргизилди. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 
Маалыматка караганда, аталган убактылуу баш калкалоочу жайлардын бири Фере көчөсү-34 А дарегинде жайгашып, 50 адамга эсептелген. Бул жайда оңдоо иштери толук жүргүзүлүп, 6 тонна көмүр киргизилген.
Экинчи баш калкалоочу жай Октябрь районунда жайгашып, ал 60 адамга эсептелген. 
Аталган эки турак-жай жашоочуларга керек болгон керебет, жаздык, төшөктөр менен камсыздалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан