Жалал-Абад облустук ички иштер
башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан 23-ноябрда «Мекеним менин — Кыргызстан!» аттуу
чоң профилактикалык иш-чаралардын негизинде «Жаштар кылмыштуулукка каршы» деген аталышта акция уюштурулду. Бул тууралуу 26-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад мамлекеттик
университетинин 700гө жакын студенти Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынан 10 чакырым алыстыктагы адырдагы ок атуучу полигонго чейин саптык
салтанаттуу жүрүш жасап, чуркап өтүштү. Жүрүш шаңдуу ырлар менен коштолду.
Бул иш-чарага жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана массалык маалымат
каражаттарынын өкүлдөрү да катышты.
Биринчилерден
болуп чуркап келгендерге жана окту мыкты аткандарга 5 номинация боюнча дипломдор,
акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер Жалал-Абад ОИИБи тарабынан тапшырылды.