Жалал-Абад шаарында муниципалдык жерди мыйзамсыз курчап турган тосмолор алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаарда жайгашкан автобекеттин жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз тосулуп, бир топ жылдардан бери пайдаланылып келген 2418 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер аянтын курчап турган тосмолор алынууда.
"Алдыда муниципалдык менчикке кайтарылган жер аянты унаа токтотуучу жай катары ижарага берилип, шаар казынасына каражат түшө баштайт", - дешти маалымат борборунан.