Өкмөт жооп берет: “Силер Бишкекте турасыңар” деп айылдан жөлөк пул бербей калышты”

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Cуроо: - Эки балам бар. Жолдошум экөөбүз турмуш шарттын айынан бирде айылда, бирде Бишкекте иштейбиз. “Силер Бишкекте турасыңар” деп айылдан жөлөк пул бербей калышты. Бирок салыктардын баарын айылга төлөйм, каттоом да айылда. Өз укугубузду коргой алабызбы? Мыйзамда кандай жазылган? Суроо калтырган Umka220190

Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрынын «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» № 318-мыйзамына ылайык, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү киреше өлчөмүнөн (2013-жылдын 1-ноябрынан тарта 640 сом) ашпаган учурда дайындалат. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлө катары жөлөк пулду алууга төмөнкүлөр укуктуу:
- 16 жашка чейинки балдары барлар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары, алар окууну аяктаганга чейин);
- бюджеттик топтоо боюнча күндүзгү негизде окуп жаткан башталгыч кесиптик окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери, 23 жашка чейин.

Эгер жаран бир райондо (шаарда) катталып, бирок иш жүзүндө башка дарек боюнча жашаса, жөлөк пул убактылуу катталган жери боюнча убактылуу каттоо талонунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин дайындалат. Учурда иштетилип жаткан мыйзамдарга ылайык, үй-бүлө жөлөк пулга муктаж экендиги аныкталып, бирок балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү жок болсо, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы үй-бүлөгө үч айлык мөөнөткө гана жөлөк пул чектегенге укугу бар. Көрсөтүлгөн үч ай аралыгында балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына берилүүгө тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү берилбесе, жөлөк пул төлөө токтотулат. Талап кылынган документ төлөө убактылуу токтотулган учурдан тарта эки айдын ичинде берилүүгө тийиш. Эгерде документ эки айлык мөөнөттүн ичинде берилген болсо, анда убактылуу токтотулган учурдан тарта жөлөк пул кайрадан калыбына келтирилет. Документ эки айлык мөөнөттүн ичинде берилбеген учурда төлөө убактылуу токтотулган учурдан тартып токтотулат. Ошондой эле балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү менен бирге сиз убактылуу каттоо талонуңуздун колдонуу мөөнөтүн да узартып келүүңүз зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №824-токтому менен бекитилген «Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, негизги иши, кызматы, окуусу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар,алименттер, фермердик, дыйкан чарбалардын жана чарба жаныбарларын пайдалануудан түшкөн кирешелер үй-бүлөнүн жалпы кирешесине кирет.

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ММКлар менен иштөө боюнча адиси Кымбат Кадыралиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан