Бүгүн, 26-ноябрда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев мигранттарга кам көрүү зарыл экенин айтты. Депутат Орусиянын жарандыгын алып, ошол өлкөдө иштеп жаткан кыргыз мигранттарына токтолду.
"Алар Орусиянын жараны болгонуна карабай Кыргызстандан менчик мүлккө ээ болуп, мамлекеттик кызматтарда иштей алышы керек. 5-10 жылдан кийин мигранттар өлкөгө миллиарддаган доллар акча салат. Чет өлкөдө өз алдынча карьера жасап, ийгилик жаратып жаткандар көп. Аларга качкын катары мамиле жасабашыбыз керек, өлкөбүздө алардын жарандыгы сакталып калууга тийиш. Мекендешибиз биздин чек арабызды аттап кирсе, биз аны өлкө жараны катары кабыл алышыбыз зарыл. Биз анын башка өлкөнүн жарандыгы бар экенине карабасак, эң башкысы ал биздин атуул”,- деди Текебаев.
Эскерте кетсек, Текебаев мигранттар маселеси боюнча мыйзам сунуштоодо. Бул мыйзам долбоору учурда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийинки жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө багытталган. Ал мыйзамга ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандык жаран мекенине кайтып келсе, жер, үй, батир маселелери боюнча кыргызстандык жарандар менен бирдей укукта болот. Алардын жергиликтүү бийлик органдарында кызматтарды ээлешине да жол ачылмакчы.