Ош. Шаарда бир тонна көмүрдүн баасы 4500-5000 сом болууда

Ош шаардык мэриясынын айыл чарба бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө шаардагы 85 билим берүүчү жана медициналык мекеме кыш айларына карата көмүр менен толук камсыз болуп бүткөн. Учурда шаар калкын көмүр менен камсыз кылуучу 14 жай уюштурулган. Бул жайларда 1 тонна көмүрдүн баасы 4500-5000 сом.

Вице-мэр Урали Романов учурда шаарда көмүр тартыштыгы жок экендигин жана шаардык мэриянын алдында түзүлгөн монополияга каршы жана жөнгө салуу агенттиги  көмүрдүн баасынын кескин көтөрүлүп кетпөөсүн көзөмөлдөп турарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан