Америка президенти Барак Обаманын баңгизат менен шугулдангандыгы туурасында маалымат тарап, коомчулукта чоң чуу жаратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирет.
Анда Барак Обаманын баңгизатка болгон “махабаты”
туурасындагы маалыматты өткөн аптада ажонун классташы Миа Мария Поупменен (Гавайидеги "Pinahoe
High School" мектебинде чогуу окушкан) Девид Мэннингдин теле-шоусунда айткан. Анын берген маалыматы боюнча Обама мектепте окуп жүргөн кезде
эле кокаинди колдонуп жүргөн.
Обаманын баңгизат колдонгондугу туурасындагы маалыматтар буга дейре айтылып, бирок анын көпчүлүгүн Ак үйдөгүлөр төгүндөгөн. Ал эми Барак Обама болсо баңгизаттын жеңил түрүн гана пайдаланганын коомчулукка бир нече ирет жар салган. Президенттин бул пикиринин канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билгиси келген алып баруучунун суроосуна Барак Обаманын классташы Миа Мария Поуп төмөнкүдөй жооп берген: "Анын эң негизги сапаттарынын бири - алдамчылык. Мен аны окуучулук кезде эле байкагам. Азыр деле байкалууда. Бул жигит мектепте окуп жүргөндө эле оозун ачар замат чындыкка жатпаган окуяны айтып кирчү”,- деген.
Обаманын баңгизат колдонгондугу
туурасындагы имиштер америкалык журналист, "Пулитцер" сыйлыгынын ээси Девид
Маранисстин “Барак Обама: Тарых” деген чыгармасында да жазылган. Китептин автору Барак Обама жогорку класста окуп жүргөндө марихуананы сүйгөн
мектеп “бандасынын” башчысы болгондугун маалымдаган.
Мындан да чоң
чууну жараткан окуя Миа Мария Поуптун “Обаманын бачабаздар менен төшөк кумарына
батып, бул эмгеги үчүн алардан акча алып, аны баңгизат сатып алуу үчүн
колдонгон” деген сөзү болгон. Поуптун айтымында, кокаин сатып алыш үчүн Обамада
акча жок болгондуктан, бай бачабаздар менен жолугуп турган.
Обаманын бачабаздар
менен болгон байланышы тууралуу буга чейин деле бир нече ирет басма сөз
каражаттарында маалымдалган. Алтургай Барак Обаманын бачабаздардын уюмдарына
активдүү мүчө катары катталып, алардын жыйналыштарына катышып турганын көргөндөр
болгон. Ал эле эмес, Чикагодогу бачабаздар уюмунун активдүү мүчөсү Кевин Ду Жан Обаманы бир нече ирет гейлердин жолугушуусуна келгенин ачыктаган.
Америка Кошмо
Штаттарынын мыйзамдары жарандардын бир жыныстуу никеге туруусуна уруксат
бергендиктен америкалыктар Обама бачабаз болуп калса деле кайыл экендигин
маалымдашкан. Бирок анын баңги экендиги тууралуу маалыматтын таралышы бүтүндөй
америка элин таң калтырып турган кези. Серепчилердин айтымында, президенттин баңги
болушу бир эле мыйзам жагынан туура келбестен, бүтүндөй америка элинин бетине көө сүртүп, эл аралык саясатта мамлекеттин аброюн төмөндөтүп
ийиши мүмкүн. Эгерде бул окуя коомдук пикирди жаратып, талаптар коюлса, Барак
Обаманын отставкага кетүүгө мажбур болору тууралуу маалыматтар айтылып жатат.