Биз социалдык тармакта

Депутат: "Дыйкандардын колуна жеңилдетилген насыя тийбей жатат. 15 күндөн кийин жазгы талаа иштери аяктайт"

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов жеңилдетилген насыя боюнча маселе көтөрдү.

"Аткаруу бийлиги дыйкандарга аз пайыз менен насыя беребиз деген. Бирок ушул убакытка чейин бул каражат дыйкандардын колуна жете элек. 15 күндөн кийин дыйканчылык бүтөт. Аткаруу бийлиги ушул маселени тез чечип берсин. Айыл чарба министрлигин чакырып маалымат угалы. Бизден шайлоочулар сурап жатат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан