Депутат Нуржигит Кадырбеков үй-бүлөлүк зомбулукка каршы системалуу түрдө иш алып баруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Башкы прокурордун маалыматы боюнча Кыргыз өлкөсүндө бир жылдын ичинде 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук катталган экен. Ушул багытта системалуу түрдө иштебесек болбойт. Мектептин программасына үй-бүлөгө даярдоо боюнча сабак киргизүү керек. Үй-бүлөгө даярдоо курстарды уюштуруу зарыл. Билим берүү жана илим министрлигине протоколдук тапшырма берүү шарт", - дейт эл өкүлү.