Депутат Нурланбек Шакиев кийинки аптада гепатит оорусу боюнча министрлер кабинетинин маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Үч күндөн бери коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган жок. Бирок ошол эле гепатит боюнча абал учурда эң кооптуу жагдай болуп келе жатат. Бул өлкөбүздөгү эң чоң көйгөй. Элибиздин көпчүлүгү гепатит оорусу менен ооруп жатат. Жалал-Абад, Ош облустарында оорунун түрлөрү күчөп жатат. Жалпы республикада абал жакшы эмес. Гепатитти дарылоодо чоң акчаны талап кылат экен. Ушул боюнча аткаруу бийлиги кийинки жумада маалымат берсе туура болот. Алдын ала иштерди жасоо керек. Коронавирус деп гепатитке көңүл бурбай калдык", - деди ал.