Жогорку Кеңеште саясий кызматтагы адамдардын компанияларын мамлекеттик тендерлерге катыштырбоо демилгеленүүдө. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 26-ноябрда ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында каралып, колдоо тапты. Эки окууга сунушталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, бул демилге коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир жолу.
Депутат айткандай, аткаминерлердин жакындарынын компаниялары да мамлекеттик тендерлерге катыша албайт.