Айыл чарба министрлиги Сугат техникаларын банк аркылуу лизингге берүү кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 2021-жылы министрлик сугаруунун жаңы технологияларын, тамчылатып жана жаадырып сугаруу системаларын жайылтуу максатында өлчөмү 426,7 млн. сомго барабар болгон лизинг долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинети тарабынан 2021-жылдын 6-октябрында №227 тескемеси кабыл алынды. Кабыл алынган тескемеге ылайык “Айыл Банк” ачык акционердик коомунда туруктуу иштей турган жаңы кредиттик лизингдик долбоор ишке кирди. Жогорудагы тескеменин негизинде банк айыл чарба, кайра иштетүүчү техникаларды жана тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды жеңилдетилген шарттарда айылдык товар өндүрүүчүлөргө 10 жылдык мөөнөткө, 4,5% үстөгү менен лизингге берүүдө. Бүгүнкү күнү Каржы министрлиги тарабынан банкка 125 млн.сом которулуп берилип 32 даана техника лизингге берилди. Азыркы мезгилде банкка дыйкандар тарабынан сугат машиналарын алуу тууралуу 11 заявка берилген.
Азыркы мезгилде Кыргызстанда төмөндөгүдөй ишканалар жана жеке ишкерлер айылдык товарөндүрүүчүлөргө жаадырып сугаруучу сугат системаларын сунуштоодо:
Ал эми тамчылатып сугаруу системаларын төмөнкү субъектер сунуштоодо: