Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактагы башка адамдар ага сый-урмат менен мамиле кылышарын айтты. Бул тууралуу Атамбаев бүгүн, 6-апрелде соттук отурумда журналисттерге билдирди.
"Менин жашым улуу болгондуктан абактагылар башкаларга салыштырмалуу мага сый-урмат менен мамиле кылышат. "Мен үчүн алар баламдай. Ооба, аларга боорум ооруйт. Абактагы шарттар албетте XXI кылымга туура келбейт", - деди Атамбаев.
Ошондой эле Алмазбек Атамбаев аны Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которууну суранганын айтты.
"№8 колонияда мага карата мыйзамсыздык азаят. Бирок мени кайда жиберсе, ошол жакка барам", - деди ал.