Алиясбек Алымкулов, министр: “Орусиядан депортацияланган кыргыздар тажиктерге салыштырмалуу аз”

Орусиядан депортацияланган кыргыздардын саны депортацияланган тажик жарандарына салыштырмалуу аз. Муну ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин 26-ноябрдагы жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов айтты. 

Министрдин айтымында, Орусия Тажикстандын 60 миңге жакын жаранын депортациялады. "Ага салыштырмалуу андагы кыргыз жарандарынын мындай тизмеге киргендеринин саны кыйла аз. Мунун өзү кыргыз мигранттарына болгон ишенимдин Орусияда бир топ жогору экендигин көрсөтүп турат",- дейт Алиясбек Алымкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан