Жети-Өгүз районунун Саруу айылынан митингчилер тоскон Бишкек-Каракол унаа жолу ачылды. Муну аталган райондун акими Дамир Моңолдоров билдирди. “Жарым саат мурун жол ачылды. ОИИББ, РИИБинин башчылары болуп барып, нааразы тарап менен сүйлөшүп, бир пикирге келдик”,- деди аким.
Жол тосулган учурда 200дөй унаа өтө албай токтоп турганын, учурда кыймыл калыбына келгени айтылды.