
Өлкөдө калктын аялуу катмарларына 160 миңден ашык мөмө-жемиш көчөттөрү берилди. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, 13 пилоттук токой чарбаларынын аймагына чектеш 61 айыл өкмөттө жашаган 7 717 аялуу үй-чарбаларга көчөттөр тапшырылды:
* Баткен, Талас, Ат-Башы, Нарын жана Аксуу райондорунун 31 айыл өкмөттөрүнө 115 428 даана алманын жана карагаттын көчөттөрү жеткирилди.
* Былтыр күзүндө Токтогул, Аксы, Ноокен, Кара-Кулжа, Тоң, Ысык-Көл райондорунун жана Балыкчы шаарынын 30 айыл өкмөтүнө 48 миң 373 түп алма жана өрүк көчөттөрү алып келинген.
Бул иш-чара орто мөөнөттүү келечекте кирешенин альтернативдүү булактарын түзүү жана коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу кризистин кесепеттерин жоюу үчүн берилди.
Жалпысынан 9 миллион 600 миң сомго 163 804 даана мөмө-жемиш дарактарынын көчөттөрү берилди.
Эске салсак, бул иш Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «Кыргыз өлкөсүндөгү токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорунун колдоосунда ишке ашып жатат.