Жоголгон балдарды издөөдө ыкчам чараларды көрүү зарыл. Муну жоголгон балдарды издөөнүн натыйжалуулугу боюнча 26-ноябрда өткөн кеңешмеде вице-премьер-министр Токон Мамытов айтты.
Мамытов жыл башынан бери Кыргызстанда 67 бойго жете элек бала сууга чөгүп өлгөнүн, 10 айдын жыйынтыгы боюнча 766 өспүрүм издөөгө алынып, анын 729ун издөө иши токтотулганын билдирди. “Бүгүнкү күндө дайынсыз жоголгондордун саны 37 бала, анын 11и кыз, 26сы эркек бала. Бул кичинекей мамлекет үчүн чоң көрсөткүч”,- деди ал.
Вице-премьер-министр балдар жоголгон учурда кылмыш ишин тез арада ачуу керектигин айтат. “Балдары жоголгондо ата-энелер арыз менен кайрылса, кылмыш иши 3 күндөн кийин ачыла турганын айтышат. Мындай жагдай чоң адамдар үчүн гана мүмкүн. Арыздар тез арада кабыл алынышы жана кылмыш иши тез ачылып, ыкчам иликтөө топтору түзүлүшү керек”,- деди Мамытов.
Кеңешмеде издөөдөгү балдар боюнча бирдей маалымат базасын түзүү сунушу да айтылды.