Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу маселеси каралат. Айта кетсек, бул маселе ЖКнын мурдагы жыйынында каралып, көпчүлүк депутаттардын сунуш-пикирлери менен тийиштүү комитетке кайтарылган болчу. Кыргыз-орус өкмөттөрү ортосундагы макулдашуу кыргыз тараптын кызыкчылыгына жооп бербейт деген депутаттар чыккан. “Ата Журт” жана “Республика” фракциялары аталган макулдашууну колдобоо чечимине келишти. “Ата Мекен” фракциясы колдогон да, четке каккан да жок. Жалпы жыйында талкуулоо керектигин билдирген.