Бүгүн, 8-апрелде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 917 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынан расмий сайтында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 269 метр куб, агып чыгышы 135 метр кубду түзүүдө.
Былтыр 8-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 569 милион метр куб суу болгон.