Шотландиянын бийлик
өкүлдөрү мамлекеттин көз карандысыздыкка өтүүдөгү планы камтылган “Ак китепти”
жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлайт.
Кечээ, 26-ноябрь
күнү жарыяланган “Ак китепке” “Шотландия кандай принциптердин негизинде эгемендүү
мамлекетти кура алат?” деген 650 суроо жообу менен берилген. Анда мамлекеттин
түптөлүшү, мамлекеттик структуралар, парламент, өлкө коопсуздугу менен майда-барат
катары эсептелген почта кызматы, тарыхый эстеликтерди коргоо тууралуу темаларга
чейин камтылган. Шотландиянын биринчи министри Алекс Салмонд “китепти баштан-аяк
окуп чыккан ар бир шотландиялык мамлекеттин эгемендүүлүгүн колдойт” деген
пикирин билдирүүдө.
Шотландия 10 жылдан
бери Улуу Британиядан бөлүнүү ниетин билдирип келет. Эгемендүүлүккө жетүү үчүн
Шотландиянын улуттук партиясынан шайланган өкмөт мүчөлөрү 2014-жылдын
18-сентябрында референдум өткөрө турган болду. Анда шотландиялыктарга “Сиз Шотландиянын көз карандысыз мамлекет болушун каалайсызбы?” деген суроо берилип, шайлоочулар “ооба” же “жок” деп добуш беришет. Шайлоонун жыйынтыгы Шотландия өкмөтү күткөндөй болсо,
2016-жылдын 24-мартынан тарта Шотландия көз карандысыз мамлекет катары жаңы
тарыхын баштайт.
Ал ортодо Шотландиянын
эгемендүүлүгүн жактырбаган айрым саясатчылар “көз карандысыздыкка жетүү -
фантастика” деген пикирлерин билдиришүүдө. Лондондогу айрым бийлик өкүлдөрү “Шотландия
бөлүнүү аркылуу Евробиримдиктин мүчөлүгүнөн ажырайт. Кирешеси азаят” деген
коркутууларды шотландиялыктарга жар салууда. Ал эми Алекс Салмонд “Шотландия
көз карандысыздыкка жетишсе, мындай көйгөйлөр болбойт. Улуу Британиянын өкмөтү
Шотландияны колдон чыгаргысы келбегендиктен, ушундай кадамдарды жасап жатат” деген
ойдо.
Белгилей кетсек, Шотландия менен
Англиянын бириккенине 300 жыл болуп, бул союз Улуу Британиянын пайда болушуна алып
келген.