Бириккен улуттар уюму Украинадагы кырдаал дүйнөдө азык-түлүктүн баасынын рекорддук түрдө жогорулашына алып келгенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган уюмга шилтеме берүү менен жазышты.
Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму кабарлагандай, Украинадагы жаңжал негизги дан эгиндери менен өсүмдүк майдын рыногунда баш аламандыктарды жаратып, март айында дүйнөлүк азык-түлүккө болгон баанын кескин көтөрүлүшүнө алып келди.
Аталган уюмдун маалыматына караганда, дан азыктары февраль айына салыштырмалуу март айында 17,1 пайызга, өсүмдүк майы 23,2 пайызга, сүт азыктары 2,6 пайызга, эт 4,8 пайызга, ал эми кумшекер 6,7 пайызга кымбаттаган.