Биз социалдык тармакта

Бишкекте 10-кабаттан боюн таштап, суицид жасоого аракет кылган аял куткарылды (сүрөт)

Бишкекте 10-кабаттан боюн таштап, суицид жасоого аракет кылган аял куткарылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришет.
Бүгүн, 8-апрелде саат 18:00дө нөөмөт бөлүмгө билдирүү келип түшкөн. Анда көп кабаттуу турак үйдүн 10-кабатында аял боюн таштоого аракет кылганы айтылган.
"Жерине тез арада куткаруучулар барышып, боюн таштоого аракет кылган аял менен сүйлөшүү жүргүзүштү. Бирок ал бийиктиктен түшүүгө макул болгон жок. Куткаруу операциясынын натыйжасында, кызматкерлер аялды кармап калышты. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүлдү", - дешти басма сөз кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан