1-декабрь-СПИДге каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитети акция уюштурууда. Акция учурунда жаштарга аталган оору тууралуу тушүндүрүү иштери жүргүзүлүп, китепчелер таркатылат. Бул иш-чара концерттик программа менен коштолот. Бул тууралуу Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев билдирди.
Эске сала кетсек, аталган иш-чара жыл сайын шаардын борбордук аянтында өтүп келет.