ЖКнын 27-ноябрдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова камактагы депутат Ахматбек Келдибековду ММКлар аркылуу бир тараптуу каралоо күчөгөнүн айтып чыкты. “Келдибековго теледен түз эфир уюштуруп берели. Айтчу сөзүн айтсын. Сот дагы жабык форматта өттү. Сот мамлекеттин коопсуздугу үчүн маанилүү маселе каралганда жана жыныстык мамилелер боюнча иш каралып жатканда гана жабык түрдө өтүшү керек”,- дейт Жолдошова.
Ж.Жолдошова камактагы Келдибеков мекендештерге жана депутаттарга кайрылуу жасаганын билдирди.