8-апрелде Жогорку Кеңештин “Альянс” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында “Аргымак” стипендиялык программасын демилгелөө маселеси каралды.
Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу сунушту колдой тургандыгын айтып, министрлик тарабынан да тийиштүү программалар иштелип жатканын билдирди.
“Студенттерди окутуу багытында Орусия, Казакстан, Беларусь, Кытай, Венгрия, Түркия, Латвия, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттери менен бир катар келишимдер түзүлгөн. Учурда бөлүнгөн квотанын негизинде аталган өлкөлөрдө студенттерибиз билим алып келет”, – деди министрдин орун басары.