Биз социалдык тармакта

Ош шаарындагы бардык бак-дарактарды инвентаризациялоо иштери жүргүзүлөт

Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын мэриясында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жетектеген штабдын жыйынына тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, жогорку окуу жайлардын жана колледждердин өкүлдөрү катышты.
Жыйында эртең, 9-апрелде Ош шаарында массалык ишембилик өткөрүлөрү айтылып, ага жалпы шаардыктар активдүү катышуусу керектиги белгиленди.
Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, бардык турак жайлардын, мамлекеттик жана жеке менчик объектилердин короосундагы бак-дарактардын эсебин жүргүзүү жана инвентаризациялоо керектиги айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан