Жалал-Абадда 3 эркек киши сабиз сактоочу кампада иске ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, уулануу Ала-Бука районунда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Кош-Терек айылында жайгашкан сабиз сактоочу кампада 3 эркек адам иске ууланып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Каза болгондордун аты-жөндөрү жана иске уулангандын себеби такталууда. Жерине ӨКМнын Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.