Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди кызматтан алууну сунуштады. Айтымында, Сарпашевдин компаниялары боюнча гезиттерге чыккан маалыматтарды тез арада иликтеп чыгуу зарыл. “Сарпашевдин “Градиент” компаниясы “Кумтөргө” мотор майларын ташый турганы айтылууда. Мен Тайырбек Сарпашевди убактылуу кызматынан четтетип, анын компаниялары боюнча прокуратура иликтөө жүргүзүүсү керек. Эгер булардын жеке кызыкчылыктары болсо анда “Кумтөр” маселесин кантип элдин кызыкчылыгына чечип бере алат”,- деди Сабиров.