Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкерлери адамдын аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-мартта Фере көчөсүндөгү үй-жайсыздардын баш калкалоочу жайынан болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык денелүү, чачтары кыска, каштары калың, мурду сынган. Үстүндө кара күрмө, свитер жана водолазка, кара боз жынсы шым.
Сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлерге байланышууну өтүнөт: 0557 11 94 10, 0702 49 88 88, 0776 17 15 15 жана 102.