Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин иниси Жанышбек Бакиев Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 27-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2010-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан Жанышбек Бакиевдин иши боюнча иликтөөлөр бүтүп, сотко өткөрүлүп берилген.
Ал 2005-жылы 24-мартта Жалал-Абад облусундагы Улуттук банктан 22 миллион сомду уурдоону уюштуруу, куралдуу күчтөрдү мыйзамсыз түзүү жана 2010-жылы массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып жаткан.
Сузак райондук соту 18-ноябрда Жанышбек Бакиевди бардык көрсөтүлгөн айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыраткан. Мурдагы Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун чечимин эске алуу менен ал сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылды.