Бүгүн, 9-апрелде Ош шаарында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Шаардын аймагын тазалоого бардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык кызматтардын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин, анын ичинде жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын кызматкерлери, жалпы тургундар активдүү катышты.
Ишембиликтин алкагында айлананы таштандылардан арылтуу, бак-дарактарды актоо, мекеме-ишканалардын фасаддарын жуу жана сырдоо, тротуарларды жана арыктарды тазалоо иштери жүрдү.
"Ош-Тазалык" ишканасынан билдиришкендей, таштанды таштоочу жайга 1 миң 800 метр кубдан ашык таштанды чыгарылды. Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты тарабынан 72 миң гүл отургузулду.