Ош. Бүгүн облустун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 27-ноябрда Ош облусунун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Электр жарыгын өчүрүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин улантылат. Аталган ишкананын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу облустун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Кара-Кочкор айылында, Өзгөн районунун Кароол айылында, Кара-Суу районунун Достук, Манас, Баш-Булак, Кара-Тай, Кең-Сай, Сарай, Кашкар-Кыштак, Кыдырша, Присавай, Сары-Колот айылдарында, Ош шаарынын Он-Адыр, Беш-Бадам айылдарында жана Кара-Суу шаарынын Навои, Комсомол, Алай, Фрунзе, Ленин, Айтиев, Азимов, Коммунист, Нуракунов көчөлөрүндө убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан