Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында, күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар деп эскертишти ӨКМдан.