Биз социалдык тармакта

Депутат билим берүү боюнча сапаттуу мыйзам долбоорлорун даярдап чыгуу керектигин айтты

8-апрелде Жогорку Кеңештин “Альянс” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында “Аргымак” стипендиялык программасын демилгелөө маселеси каралды.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков билим берүү тармагына бюджеттен 40 миллиард сом бөлүнөрүн эске салды. "Анын 27 миллиард сому мектептерге жумшалат. Бирок көйгөйлөр көп. Тармакта паракорчулук токтобой келет. Андыктан, мыйзамдарды өзгөртүүбүз кажет. Депутаттардан жана жарандык коомдордун өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык комиссия түзүп, прогрессивдүү идеяларды камтыган сапаттуу мыйзам долбоорлорун даярдап чыгышыбыз керек”, – деди эл өкүлү. Андан тышкары депутат жогорку окуу жайларга академиялык эркиндик берүү зарылчылыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан