Биз социалдык тармакта

Эртең Ош облусунда арзан пайыздагы насыя маселеси боюнча жыйын өтөт

9-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнө иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш сапарда ирригация жумуштарын жеринде көрүп, чарба иштери менен алектенген ишкерлер жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жыйынга келген эл айылдагы жер тилке маселеси, айыл макамын алуу, арзан пайызда насыя алуу жана эӊ негизгиси суу маселесин айтышты.
Ош облусунун башчысы элдин көйгөйлөрүн угуп чыгып, суу маселесин чечүүдө катуу көзөмөл болушун билдирип, Ош башкы суу чарба башкармалыгынын жетекчисине тапшырмаларды берди.
Андан сырткары, келе жаткан дүйшөмбү күнү арзан пайыздагы насыя маселеси боюнча банктын өкүлдөрү менен биргеликте эл менен жыйын өткөрүүнү райондук мамлекеттик администрация жетекчиси-акимге тапшырма берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан