Украина Орусия менен соода-сатык алакасын расмий үздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Абдан маанилүү чечим кабыл алынды. Бул 24-февралда Орусия менен болгон соода алакаларынын иш жүзүндө токтотулгандыгынын мыйзамдуу ырастоосу", - деген Украинанын экономика министри Юлия Свириденко.
Эске салсак, Украина менен Орусиянын ортосундагы жаңжал 24-февралда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда.