Бүгүн, 27-ноябрда Алтын-Ордо жаңы конушундагы көпүрөнүн ачылышы күтүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынан маалымдагандай, көпүрө жаңы конушту Анкара көчөсү менен бириктирип турат.
Айта кетсек, көпүрөнүн узундугу 17.7 метр, туурасы 11 метр. Курулуштун жалпы наркы 17 миллион 942 миң сомду түзгөн.